Ссылки доступа

Түркмөнстанда ондогон киши гомосексуализмге шектелип кармалды


Түркмөнстандын Түркмөнабад шаары (иллюстрациялык сүрөт)
Түркмөнстандын Түркмөнабад шаары (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнабад шаарында гомосексуализм шеги менен 25ке жакын киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында жергиликтүү Жол полициясынын мурдагы кызматкери, бир нече өрт өчүргүч жана чач тарач бар.

Булактын айтымында, гомосексуалдык байланыштарга шектелген чач тарач августтун аягында Ашхабад шаарында кармалып, Лебап облусуна жеткирилген.

Буга чейин бул тууралуу turkmen.news басылмасы да жазып, чачтарач акыркы жылдары Ашхабадда иштеп, түркмөн шоу-бизнес өкүлдөрүнө кызмат көрсөтүп келгенин кабарлаган.

Басылма ошондой эле гомосексуалдык байланыштарга барган деген айып менен Түркмөнабаддын убактылуу кармоочу жайында дагы 30 киши кармалып турганын жазган.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын булагы камактагылардын бири Жол полициясынын мурдагы кызматкери экенин, кармалардын алдында ал Өрт коопсуздук кызматына которулуп, ал жактан жаңы кесиптеши менен мыйзамсыз сексуалдык байланышка барган деп айыпталганын билдирди. Учурда экөө тең ушундай эле айып менен кармалган башка адамдар менен чогуу Түркмөнабадда камакта отурушат.

Түркмөнстандын укук коргоо органдары, анын ичинде Лебап облусунун прокуратурасы менен полициясы бул маалыматтар боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Түркмөнстандын мыйзамдарына ылайык, гомосексуалдык байланыштар кылмыш болуп эсептелет. Ал үчүн эки жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

2020-жылы апрелде Ашхабадда белгилүү шоумен гомосексуализмге шектелип кармалган. Аны менен чогуу ушундай эле айыптоолор менен дагы бир нече кишиге кылмыш иши козголгону кабарланган. Бирок бул иштердин эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калууда.

2019-жылы күзүндө "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы Касымберди Гараев тууралуу материалын жарыялаган. Анда ал өзүнүн гомосексуалдык байланыштары тууралуу ачык айтып чыккан. Ошол эле жылы декабрда Гараев байланышка чыкпай калган.​

XS
SM
MD
LG