Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активисттер ЕБдан саясий куугунтук маселесин козгоону сурашты


6-октябрда Алматыда Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жарандык форум өтту. Бирок ага өлкөдөгү айрым белгилүү укук коргоочулар келген жок. Жыйында ЕБны Казакстандагы саясий куугунтуктоо маселесин көтөрүүгө чакырышты.

Укук коргоочу Евгений Жовтис форумга чакырылганын, бирок жарандык жана саясий эркиндик маселелери күн тартибинде жок болгондуктан, ага катышуудан баш тартканын айтты.

Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор бул жагдайга төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Саясий маселелер, саясий укук, саясий жашоого катышуу адам укуктарына арналган форумдардын ажырагыс бөлүгү. Ага катышкандар эмнени айткысы келсе, ошону айта алышат. Биз сөз эркиндиги принцибине ишенебиз жана бул форум буга чейин уюштурулган бардык форумдардын моделине багынат”.

Алматыда жарандык форум онлайн жана офлайн форматында өтүп жаткан маалда активисттер тобу Европарламенттин депутаттарына видеокайрылуу жолдошту:

"Казакстандагы бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылабыз! 2021-жылдын 11-февралдындагы Европарламенттин резолюциясын толугу менен аткарууну сурайбыз. Евробиримдикти адам укуктарын бузган аткаминерлерге санкция салууга чакырабыз”, - деди видеодогу активисттердин бири.

Форум өтөрдөн мурун активисттер Европа биримдигинин Алматыдагы өкүлчүлүлгүнүн алдында ушундай эле талап коюшкан. Шейшембиде ЕБ өкүлдөрү Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушкан. Иш-чарада жарандык жана саясий укук, өлкөдөгү саясий куугунтук маселеси козголгон-козголбогону айтылган жок.

XS
SM
MD
LG