Ссылки доступа

Өзбекстан Орусиядан 1 миллион гектар айдоо жерин ижарага алууга ниеттенип жатат


Өзбекстан Орусиядан 1 миллион гектар айдоо жерин ижарага алып, соя, буудай жана өсүмдүк майы өндүрүлө турган өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, азырынча тараптар долбоорду тест түрүндө 35 миң гектар аянттан баштоону макулдашты.

Апта башында Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаевдин жана Орусиянын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция өтүп, анын жүрүшүндө орус тарап бул долбоорду колдоого кызыкдар экенин билдирген.

"Азыр Орусияда 8-13 миллион гектар айдоо жери бар. Өлкөнүн 23 субъектиси бул өзбек-орус долбоорун колдоого кызыкдар экенин билдиришти", — деди Орусиянын айыл чарба министринин орун басары Сергей Левин.

Өз кезегинде Жамшид Хожаев өзбек тарап азырынча 35 миң гектар аянт боюнча кызматташуу жана коммуникация механизмдерин жолго коюп алууну пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, андан алынган түшүм Өзбекстанга экспорттолот.

Тараптар долбоордун конкреттүү механизмдерин жана ишке ашыруу жолдорун октябрда, Өзбекстандын жумушчу тобу Орусияга барганда талкуулоону макулдашты.

Азырынча жер аянты кандай шарттарда берилери, алар өзбек дыйкандарынын ортосунда кандай бөлүштүрүлөрү жана алардын укуктары кандай корголо тургандыгы так белгисиз.

Ал ортодо орусиялык дыйкандар жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кыйналууда. Буга коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдөн миңдеген мигранттын чыгып кеткени себеп болду.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Астрахань облусунда эле 11 миң эмгек мигранты жетишсиз болууда.

Мындан улам акыркы жылдары Орусиянын бардык аймактарында айыл-чарба азыктары кескин кымбаттап кеткен.

Видео

Видео

Сурамжылоо: шайлоо кандай өттү?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
XS
SM
MD
LG