Соттолуучулар айыптоолорду мойнуна албай тургандарын айтып, өздөрүн актоону сурашты.
Жарыш сөз учурунда прокурор 4 кишини 5 жылга камоону, калганын шарттуу түрдө жазалоону сураган.
Айыпталуучулардын айрымдары соңку сөзүндө жарандык активист болуу менен Конституцияга шайкеш адам укуктарынын сакталышын талап кылышканын жана мыйзамга каршы иш жасашпаганын билдиришти. Кээ бири азыркы бийликтин ишин сындады.
Айыпталуучу пенсионер, көп балалуу Нинагүл Жуманиязова онлайн сот учурунда аракасына "мен экстремист эмесмин" деп үч тилде – казакча, орусча, англисче жазылган плакат илип койду. Ал акыркы сөзүндө бийликтин саясатын сындап, ага каршы экенин азыр да жашырбай турганын айтты.
Айыпталуучулардын бардыгы жарандык активдүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын билдирип, "экстремист эмеспиз" дешти.
- Пикир айтуу, каршылык билдирүү, митингге чыгуу – кылмыш эмес. Бул – маданият. Сизден актоо өкүмүн чыгарууну сураймын, - деди айыпталуучу Болат Смагулов.
Бул иш боюнча сот жараяны 27-июлда башталган. 13 активист бийликти ачык сындап, ар кыл нааразылык акцияларына катышып жүргөн. Алардын көбү өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдарынын ишине катышууга айыпталууда.