Ссылки доступа

Тажикстанга качып өткөн ооган учкучтарынын тагдыры бүдөмүк бойдон калууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстан Аскер-аба күчтөрүнүн ай-күнү жетип калган 29 жаштагы кош бойлуу учкучу Тажикстандагы санаторийде калууда. Тажик бийлиги бул жерге коңшу өлкөдөн качып келген 140 учкучту жана аскер кызматкерин жайгаштырган.

"Бул жерде УЗИ кылууга мүмкүнчүлүк жок. Мен акушерге бара албайм, балам туткундардыкына окшогон шартта төрөлөбү деп тынчсызданып жатам", - деп билдирген ал Reuters агенттигине.

Ал журналисттер менен күзөтчүлөргө көрсөтпөй катып койгон телефон аркылуу байланышкан: тажик бийлиги ооган аскерлеринин документтерин жана уюлдук телефондорун алып койгон. Кош бойлуу учкуч Ооганстандагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү үчүн коркуп, аты-жөнүн айтуудан баш тарткан.

Анын айтымында, ноябрдын ортосунда ал көз жарышы керек экенине карабай, тажик бийлиги анын ооруканага жакыныраак жерге которуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан. "Алар мени ооруканага төрөт жакындаганда алып барып, төрөгөндөн кийин кайра бул жерге алып келишерин айтышты", — деди ал.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Тажикстанга качып келген 143 ооган учкучу жана аскер кызматкерлери мамлекеттик университеттердин биринин жатаканасына жайгаштырылып, көп өтпөй тоолуу райондогу санаторийге которулган. Алар учкучтар менен аскер кызматкерлерин АКШ алып кетип, качкын макамын берет деп үмүттөнүшкөн. Бирок белгисиз себептерден улам андай болгон жок.

28-сентябрда Конгрессте сүйлөгөн АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Тажикстандагы ооган учкучтары менен аскер кызматкерлеринин тагдырына тынчсызданып жатканын билдирген.

Республика партиясынан депутат Остин Скотт учкучтарды Тажикстандан чыгарып кетүү ишинин кечеңдеп жатканын сынга алган. "Биз Тажикстандагы тогуз айлык боюнда бар учкучка жардам берип, анын өлкөдөн чыгып кетишине көмөктөшүбүз керек. Мамлекеттик департамент тажик бийлигинде кош бойлуу учкучтун абалы тууралуу маалымат бар экенин, жардамга муктаж бардык адамдар жергиликтүү ооруканага жеткирилерин билдирди" - деди депутат.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Reuters агенттигине бул маселе Тажикстандын өкмөтү менен макулдашылып жатканын айтып, бирок учкучтарды чыгарып кетүү ишинин эмне себептен кечиктирилип жатканын түшүндүрүүдөн баш тарткан.

Ал ортодо Reuters АКШ Тажикстандагы ооган учкучтары менен аскер кызматкерлеринин биометрикалык маалыматтарын топтой баштаганы белгилүү болгонун кабарлады. Буга чейин Өзбекстандагы ооган учкучтарынын биометрикалык маалыматтары топтолгондон кийин алар өлкөдөн чыгарылып кеткен.

XS
SM
MD
LG