Ссылки доступа

Ооганстандагы түркмөн качкыны эл аралык сыйлыкка татыды


Ооганстандык этникалык түркмөн Салема Рахман БУУнун Жогорку Комиссарынын качкындар иши боюнча башкармалыгынын Нансен сыйлыгы менен сыйланды.

Расмий маалыматка караганда, 29 жаштагы Салема Рехман Пакистанда жашайт жана дарыгер-гинеколог болуп иштейт. Ал өз жанын аябагандыгы жана COVID-19 учурунда көрсөткөн кесиптик эр жүрөктүүлүгү, кыздардын билим алуусун жакшыртууга болгон аракети үчүн сыйланды.

Салема Рахманго сыйлык Швейцариянын Пакистандагы элчилигинде тапшырылды.

Салема Рахман ага ыйгарылган сыйлык түркмөн качкындарынын арасында өз балдарына билим берүүнү каалагандардын катарын көбөйтүүгө багытталганын айтты. Ал Ооганстандагы жана Пакистандагы түркмөндөр арасында билим алуу мүмкүнчүлүгү бар кыздар аз экенин белгиледи. Салеманын үй-бүлөсү кызына билим берүү үчүн оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Алар Пакистанга 1991-жылы көчүп келишип, качкындардын лагеринде жашашкан.

Нансен сыйлыгы 1954-жылдан бери качкындардын көйгөйүн чечүүгө себепкер болгон адамдарга жана уюмдарга берилип келет.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG