Ссылки доступа

Нур-Султанда сот чечимдерине нааразы болгон жарандар Жогорку соттун тосмосуна баннерлерди илишти (видео)


11-октябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында "адилетсиз" сот чечимдерине нааразы болгон онго жакын адам Жогорку соттун имаратынын алдында акцияга чыкты.

Чогулгандар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкенин жана Жогорку соттун төрагасы Жакип Асанов менен жолугушууну каалап жатышканын билдиришти.

Алматыдан келген активист Ильшат Кензин имараттын алдындагы темир тосмого сот системасынын ишине канаттанбай турганы жана аны реформалоо керектиги жөнүндө казак, орус, англис жана кытай тилдеринде жазылган плакаттарды илди.

Активист мындай жол менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн Казакстандагы сот системасына бурууга аракет кылганын айтты. Ал буга чейин алдамчылыктын курмандыгы болгонун жана дээрлик 10 жылдан бери күнөөлүү адамды жазага тарттыра албай жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, Алматы шаардык соту бул иш боюнча айыпталуучуну актаган өкүм чыгарган.

Акциянын башка катышуучулары аларды Жогорку соттун төрагасы Жакип Асанов кабыл алышы керектигин билдиришти. Сот имаратынан чыккан кызматкерлердин бири чогулгандар менен сүйлөшүп, алардын иши "каралып жатканын" айтты.

Өткөн айда Жогорку соттун өкүлдөрү карантиндик чектөөлөр бар экенин айтып, сот чечимдерине нааразы болгон жарандарды кабыл алуудан баш тартышкан. Ал күнү чогулгандар мекеменин кабыл алуу бөлүмүндө түнөшкөн.

XS
SM
MD
LG