Ссылки доступа

Казакстанда саясий туткун Кенжебек Абишев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыкты


13-октябрда саясий туткун Кенжебек Абишев түрмөдөн чыкты. Шаршемби күнү эртең менен Заречныйдагы түрмө кызматкерлери аны Алматы облусунун Жамбыл районундагы үйүнө жеткиришти.

— Кишилердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн топтолушун каалашкан жок окшойт. Анын үстүнө аларга Башкы прокуратурадан комиссия келе жатат, - деди түрмө администрациясынын аракетине баа берген Кенжебек Абишов.

Буга чейин жергиликтүү активисттер аны Заречный шаарчасындагы ЛА-155/14 түзөтүү мекемесинин алдынан тосуп алууну пландашкан. Бирок активисттер барганга чейин аны үйүнө алып кетишкен.

27-сентябрда Капшагай шаардык соту "терроризмди үгүттөдү" деген айып менен соттолгон Кенжебек Абишевди шарттуу түрдө бошотуу чечимин кабыл алган. Ал жазасынын калган бөлүгүн – 2 жыл 4 ай 20 күнүн эркиндиги чектелген шартта өтөйт.

Казакстандык укук коргоочулар Кенжебек Абишевди саясий туткун катары таанышкан. Нур-Султан өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып келет.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG