Ссылки доступа

Өзбек оппозициясы президенттик шайлоого ЕККУнун байкоочуларынын келиши боюнча пикирин билдирди


Өзбекстандагы президенттик шайлоого мониторинг кылуу үчүн барган Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясы "өлкөдө талапкерлердин ортосунда атаандаштык жок экенин, алар бетме-бет дебаттарга чыкпаганын" билдирди.

Миссиянын баяндамасында Өзбекстан шайлоо мыйзамдарын реформалоо боюнча уюмдун буга чейинки бир катар сунуштарын аткарганы, ошол эле маалда фундаменталдык укуктар менен эркиндиктерди коргоого жана көз карандысыз талапкерлердин катышуусуна байланышкан тыюулар жоюлбаганы белгиленген.

"Мындан тышкары бизге өлкөдө дале болсо журналисттер менен блогерлерди коркутуу жана куугунтуктоо уланып, ЖМКлардын эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып, айрым басылмалар менен укук коргоо уюмдарынын сайттары бөгөттөлүп жатканы тууралуу даттануулар келүүдө", — деп жазылган баяндамада.

Өткөн айда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Өзбекстанга 26 өлкөдөн топтолгон толук курамдагы байкоочуларын жиберген.

Ал ортодо 24-октябрда өтө турган президенттик шайлоого катыштырылбаган өзбек оппозициясынын өкүлдөрү ЕККУнун бул чечими боюнча түрдүү пикирлерди билдирип жатышат.

Өзбек бийлиги "жетиштүү санда кол топтолгон эмес" деген жүйө менен каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан "Акыйкаттык жана өнүгүү" партиясынын башчысы, профессор Хидирназар Аллакулов уюмдун миссиясын жөнөтүү чечимин кубаттоодо.

– Бир сөз менен айтканда, ЕККУ Өзбекстандагы президенттик шайлоону толук кандуу шайлоо деп эсептебейт. Башында эле бул шайлоо адилетсиз экени белгилүү болчу. Азыр байкоочулар буга өз көздөрү менен күбө болууну каалап жатышат деп эсептейм. Бул чыныгы шайлоо эмес экенин көрүшсүн. Добуш берүү күнү өлкөдө байкоочулардын көп болгону жакшы. Бизге алардын туура баа берүүсү өтө маанилүү, – деди Аллакулов.

Өзбекстандын учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин добуш берүү процесси эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык жүрө турганын билдирген. Өзбек бийлиги оппозиция өкүлдөрү шайлоого катыштырылбаганын, калк чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу сын-пикирлерди четке кагып келет.

Өзбекстан парламентинин төрага орун басары Садык Сафаев Лондонго жасаган сапарында өлкөдөгү президенттик шайлоо сөз эркиндиги жана демократиялык өзгөрүүлөр шартында өтүп жатканын билдирген.

Жыл башында оппозициялык маанайдагы "Эрк" партиясы президенттик кызматка мурдагы ырчы Жахонгир Атажановдун талапкерлигин көрсөтөрүн билдирген. Бирок көп өтпөй Атажанов "ата-энесинин тынчтыгы үчүн" талапкер болуудан баш тартканын айткан. Ал 8-октябрдагы видеокайрылуусунда шайлоонун алдында күч органдары анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана мүлкүн толук көзөмөлгө алганын билдирген.

2019-жылы Мирзиёев оппозицияга каршы эмес экенин, бирок ал өлкөнүн ичинде пайда болушу керектигин айткан. Бирок андан бери Өзбекстандын Юстиция министрлиги бир да жаңы саясий партияны каттоого алган жок.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Өзбекстандагы шайлоолорго 1999-жылдан бери байкоо салып келет. Бирок Шавкат Мирзиёев бийликке келгенге чейин чектелүү сандагы гана байкоочуларын жөнөтүп турган. 2016-жылкы президенттик жана 2019-жылкы парламенттик шайлоолорго уюмдун толук кандуу миссиясы байкоо салган. Анда алар кыйла эркин болуп калган Өзбекстандагы ЖМКлар "саясий оппозицияны алмаштыра албаганын" билдиришкен.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG