Ссылки доступа

Беларус ИИМи оппозициялык телеграм-каналдардын катталуучуларын камакка алууга ниеттенүүдө


Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө экстремисттик деп табылган телеграм-каналдарга жана чаттарга жазылган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга ниеттенип жатат.

Маалыматка караганда, мындай каналдардын катталуучулары үчүн максималдуу жети жылга эркинен ажыратуу жазасы каралууда.

ИИМдин Кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын телеграм-каналындагы билдирүүгө ылайык, бул чара беларус өкмөтүнүн "Экстремизмге жана нацизмди реабилитациялоого каршы чаралар тууралуу" 12-октябрда кабыл алынган токтомуна байланыштуу.

Быйыл февралда мекеменин аталган башкармалыгы экстремисттик деп табылган чаттар менен каналдарга катталуу — административдик укук бузуу болуп эсептелиши мүмкүн экенин билдирген. Анда бир катар адвокаттар азыркы мыйзамдар боюнча бул үчүн колдонуучуларды жазага тартууга мүмкүн эмес экенин айтып чыгышкан. Бирок милиция экстремисттик деп табылган каналдардын жазылуучуларына айып пул сала баштаган.

Беларуста экстремисттик деп табылган Телеграм-каналдардын тизмесинде оппозициялык тайпалардан тышкары маалымат каражаттары да бар. Алсак, 2020-жылы октябрда Минск шаардык соту дээрлик 990 миң катталуучусу бар NEXTA телеграм-каналын экстремисттик деп тапкан. Быйыл августта ушундай эле чечим бийлик тарабынан жабылган Tut.by жаңылыктар порталынын жана Zerkalo.io басылмасынын каналдарына карата да кабыл алынган.

Беларус бийлиги 2020-жылы августта өткөн президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялардан соң оппозиция өкүлдөрүн жана аларга жан тарткан жарандарды куугунтуктап келет. Андагы шайлоодо өлкөнүн президенти Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Нааразылык акциялардын катышуучуларына миңдеген кылмыш иштери козголгон. Оң миңдеген киши өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоочулар соттолгон 805 адамды саясий туткун деп тапкан.

XS
SM
MD
LG