Ссылки доступа

Тбилисиде миңдеген кишилер Саакашвилини колдогон митингге чыгышты


Грузия, Ника Мелия
Грузия, Ника Мелия

Тбилисиде миңдеген кишилердин катышуусунда Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини колдогон акция өттү. Ал октябрдын башында кармалып, түрмөгө камалган.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, митингге 50 миндей киши катышты. Алардын айрымдары “Мишага боштондук” жана “Саясий куугунтукка орун жок” деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Саакашвилинин тарапташы Ника Мелия мурдагы президенттин оппозицияны биригүүгө чакырган кайрылуусун окуп, 30-октябрда “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын талапкерлерине добуш берүүгө үндөдү.

Алар көптөгөн ири шаарлардагы жергиликтүү шайлоолордо экинчи турга чыгышкан.

Трибунада сөз сүйлөгөн саясатчылар менен оппозициячылар грузин бийлигинен Саакашвилини бошотууну талап кылышып, башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын ишин сындашты.

Мурдагы президент Михаил Саакашвили сегиз жылдан бери биринчи жолу Грузияга кайтып барган. Ал 1-октябрда кармалып, Руставидеги түрмөгө камакка алынган. Полиция ага мурун козголгон кылмыш иштеринин негизинде айып тагып, сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандаган. Саакашвили кармалганына нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялаган.

Шайлоолордун биринчи айлампасы “Грузин кыялы” партиясынын жеңиши менен аяктаган. Саакашвилинин тарапташтары экинчи орунду алышкан. Бир нече ири шаарларда, анын ичинде Тблисиде мэрлерди шайлоо үчүн экинчи тур жарыяланды. Шайлоо 30-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG