Ссылки доступа

Өзбекстан Орусиядан келе албай жаткан жарандары үчүн поезд каттамдарын уюштурат


"Өзбек темир жолдору" ишканасы Орусиядагы эмгек мигранттарын алып келүү үчүн төрт поезд каттамын уюштурат.

Маалыматка караганда, "Волжский-Ташкент" каттамы боюнча аткарыла турган поезддер Өзбекстанга 22,25,29чу-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү чыгат. Билеттер бир тарапты көздөй гана сатылып, аларды мигранттардын Өзбекстандагы туугандары да электрондук түрдө алса болот.

Өзбекстандын бийлиги 2020-жылы да Орусиядан мигранттарды алып келүү үчүн атайын поезд каттамдарын уюштурган. Карантиндик чектөөлөрдөн улам эки өлкө ортосундагы жүргүнчү ташыган поезд каттамдары иштебей турат. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда аба байланышы гана ачык.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG