Ссылки доступа

Булак: пандемия башталгандан бери Түркмөнстанда коронавирустан 25 миңден ашык киши өлдү


Ашхабаддагы көрүстөн. 2020-жыл, июль айы
Ашхабаддагы көрүстөн. 2020-жыл, июль айы

Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип жаткан Түркмөнстандын бийлиги COVID-19дан өлгөндөрдүн жашыруун эсебин жүргүзүп келет. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы саламаттык сактоо тармагында иштеген өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Азырынча бул маалыматты башка булактардан ырастоого мүмкүн боло элек. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү журналисттердин бул тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Булактын берген маалыматына ылайык, 2020-жылы пандемия башталгандан бери Түркмөнстанда коронавирустан 25 миңден ашык бейтап каза болгон.

"Коронавирустан өлгөндөр боюнча маалыматтар ачык жарыяланбаганы менен облус бийликтери күн сайын бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине отчётторду жөнөтүп турушат. Бул ишке коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көзөмөл кылышат. Ошол эле маалда бул сандар чыныгы абалды көрсөтпөшү мүмкүн. Анткени аймак жетекчилери кесепеттеринен чочулап, көбүнчө адамдардын өлүмүнүн себеби катары башка ооруларды көрсөтүп жазышат", — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген булак.

Буга чейин "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү медиктерге бейтаптарга COVID-19 диагнозун койбоону, каза болгон учурларда себеби катары башка ооруларды көрсөтүү тууралуу оозеки буйрук берилгенин кабарлашкан.

Булактын айтымында, баарынан да коронавирустан Лебап жана Мары облустарында көп адам өлүүдө. Аталган аймактардан буга чейин да COVID-19 жуктургандар көбөйгөнү жана адамдар каза болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр келип турган.

Өткөн жумада Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы аймактык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугуп, дагы бир жолу өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин, өлкө калкынын "70% ашыгы эмдөөдөн өткөнүн" айткан.

XS
SM
MD
LG