Ссылки доступа

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы автобус каттамдары калыбына келтирилди


Өзбекстан менен Тажикстан Хожент-Ташкент-Хожент автобус каттамын калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу каттамдарды аткара турган Asian Express компаниясы Facebook түйүнүндөгү баракчасы аркылуу кабарлады.

Алгачкы каттам Тажикстандан Өзбекстанга бүгүн, 18-октябрда жөнөп кетет. Азырынча бул багыт боюнча автобус күнүнө бир гана жолудан жүрүп турат.

Компания өкүлүнүн айтымында, жакында эки өлкө ортосунда күн сайын аткарыла турган дагы 2-3 каттам ишке киргизилет деп күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, жарандар Өзбекстандын чек арасынан өтүп жатканда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн ырастаган сертификатты же экспресс-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы автобус каттамдары 2020-жылы март айында пандемия башталганда токтогон.

Видео

Видео

Сурамжылоо: шайлоо кандай өттү?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
XS
SM
MD
LG