Ссылки доступа

Өзбекстанда дыйкандар талаадагы түшүмүн алып кетпеши үчүн милиция посттору орнотулду (видео)


Каракалпакстандын айрым райондорунда келишим боюнча күрүч өстүргөн дыйкандарга түшүмүн талаадан алып кетүүгө уруксат берилбей жатат.

"Азаттыктын" өзбек кызматына кайрылган дыйкандардын айтымында, Тахиаташ жана Хожейли райондорунан Нукус шаарына бара турган жолго милициянын кароолу коюлду.

– Сентябрдын ортосунда күрүч жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды өткөрбөө үчүн Хожейли менен Тахиаташтан Нукуска бараткан жолдорго милициянын посттору орнотулган. Мындан улам дыйкандар түшүмүн Хорезмге же Нукуска алып барып сата албай жатышат. Алардын айрымдары түнкүсүн милиция кызматкерлерине пара берип өтүүгө аргасыз болууда. Маалыматтар боюнча посттон бир жүк унаасы үчүн 5 миллион сумдан (500 долларга жакын) алып жатышат, — деди жергиликтүү дыйкандардын бири.

Тахиаташ райондук дыйкандар кеңешинин башчысы Саламат Бекбергенов жолдорго милициянын кароолу коюлганын билбегенин айтууда.

– Эч кандай маселе көрбөй турам. Дыйкандар өз түшүмдөрүн алып кетсе болот. Мага мындай даттануу менен эч кимиси кайрылган жок. Пахта терүү өнөктүгү башталгандыктан эки айдан бери райондон сыртка чыга элекмин. Милициянын кароолу коюлганын укпаптырмын. Эгер укук коргоо органдары дыйкандарга тоскоолдук кылып, акча талап кылып жатса мага кайрылышсын. Мен Ички иштер министрлигине кат жазам. Маселени мыйзамдын чегинде чечебиз. Зарыл болсо сотко да кайрылабыз, – деди ал.

Буга чейинки жылдары да Каракалпакстан менен Хорезм облусунун бийлик өкүлдөрү дыйкандарга жыйналган күрүчтүн түшүмүн алып кетүүгө уруксат бербей келишкен.

2015-жылы Каракалпакстандын Беруний районунда милиция кызматкерлери күрүч жүктөлгөн 60 жүк унаасын өткөрбөй, аларды атайын аянтчага жеткиришкен.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG