Ссылки доступа

Өзбекстанда журналист Бобур Ганиев 15 суткадан кийин камактан чыкты


Соцтармактарда тараган Бобур Ганиевдин сурак учурундагы сүрөтү
Соцтармактарда тараган Бобур Ганиевдин сурак учурундагы сүрөтү

Taftish.uz сайтынын журналисти Бобур Ганиев 15 суткалык административдик камактан кийин бошотулду.

Ганиев ушул тапта үйүндө экенин, дарыланып жатканын, кийинчерээк ишине чыга турганын билдирди.

1-октябрда Үчтепе райондук соту Taftish.uz басылмасынын журналисттери Бобур Ганиев менен Аброр Кузибаевди жана алардын таанышы Обид Салимовду 15 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарган.

Сот аларды ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес жана каршылык көрсөткөн деп тапкан.

Мындан тышкары Бобур Ганиев 5400000 сум ($500), Аброр Козубаев 270 000 сум ($25) айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

​ 30-сентябрда "Коопсуз шаар" иш-чарасынын алкагында Ташкент шаарынын Үчтепе районунда Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын инспекторлору Epica автоунаасын токтотушкан жана "блогер Аборор" аты менен таанымал Аброр Козубаевди, автоблогер Бобур Ганиевди, ошондой эле алардын таанышы Обид Салимовду кармашкан.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы документтерди текшерүү учурунда Бобур Ганиев инспекторлорго акарат келтирип, алардын мыйзамдуу талабына баш ийбей, коомдук тартипти бузганы айтылган. Мындан тышкары Ганиевдин телефонунан порнографиялык мүнөздөгү видеоматериалдар жана сүрөттөр табылганы белгиленген.

1-октябрда 34 жаштагы журналист Бобур Ганиевдин сурак маалында тартылган сүрөтү жана видеосу соцтармактарга тараган. Алардын биринде блогер полдо отурганын көрүүгө болот. Журналисттин кесиптештери укук коргоо органдарынын кызматкерлери ага сын макалалары үчүн жалган айып тагышканын, кадыр-баркын түшүрүү үчүн атайын жерде отурган сүрөтүн таратышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG