Ссылки доступа

Өзбекстанда мугалимдер шайлоого даярдыктан улам сабак өтүлбөй жатканына даттанууда


“Азаттыктын” өзбек кызматы мугалимдер шайлоого даярдык көрүп жатканына байланыштуу окуу үзгүлтүккө учурап жатканы жөнүндө Өзбекстандын ар кыл аймагынан маалыматтар келип жатканын жазды.

Анжиян, Самарканд жана Хорезм облусундагы үч мектептин директорлору бир нече мугалимди шайлоо комиссиясынын ишине тартканын мойнуна алышты. Алардын айтымында, бул мугалимдер негизги жумушунан бошотулган, алардын сабагын башка мугалимдер өтүүдө.

Анжияндан келген кабарлардын биринде, азыркы тапта директорлордун көбүнө шайлоо тилкелери үчүн жоопкерчилик жүктөлгөнү айтылган.

Дагы бир мугалим өз катында шайлоого даярдыктан улам сабактар болбой калып жатканына даттанган.

“Мектеп мугалимдери президенттик шайлоого байланышкан иш-чараларга тартылууда. Мектепте сабактар болбой калып жатат. Балдардын келечеги кантет? Буга мугалимдерди аралаштырбай койсо болот беле?! Анда алардын ордуна жок дегенде башка мугалимдер сабак өтүшсүн! ” – деп жазган Алтынкүл районундагы мугалимдердин бири.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү мугалимдер бул ишке тартылганына кырк күн болгонун тастыкташты.

Өзбекстандын Шайлоо кодексине ылайык, мамлекеттик органдар, мекеме-ишканалар, уюмдар шайлоо өткөрүү жана уюштуруу үчүн жай бөлүп берүүгө милдеттүү.

Кодексте шайлоо мектептерде өтүшү керек деп так кесе жазылган эмес. Бирок иш жүзүндө Өзбекстанда шайлоо тилкелеринин 80% мектептерде жайгашат.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG