Ссылки доступа

Казакстандык активисттер Европа парламентин Нур-Султанга санкция киргизүүгө чакырышты


Казакстанда камактагы жарандык активисттер Абай Бегимбетов, Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев, Ноян Рахимжанов жана Уласбек Ахметов Европа парламентинин депутаттарына жана Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылышты.

Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына жазып, кайрылуунун фотокөчүрмөсүн жарыялады.

Анда активисттер "саясий экстремизм" айыбы менен мыйзамсыз соттолушканын жазып, Европа парламенти менен БУУну Казакстандагы сот адилеттигине жооптуу жетекчилерге карата персоналдуу санкцияларды киргизүүгө чакырышкан.

"Биздин кызыкчылыктарыбызды коргоп бергиле деген өтүнүч менен кайрылып жатабыз. Анткени казакстандык сотторго ишенбей калдык. Өлкөдө соттор көз каранды жана эч кандай ар-намысы жок экенине ынандык. Бизге карата чыккан сот өкүмдөрү — өз пикири бар, оппозициялык маанайдагы адамдарды коркутууга багытталган саясий буйрук. Сот эч кандай далилдердин жоктугуна, укуктарыбыздын бузулганына көңүл бурбай, күнөөсүз экендигибиз тууралуу дооматтарды караган жок. Муну менен соттор Казакстандын Конституциясын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыны бузушту", — деп жазылган кайрылууда.

Буга чейин укук коргоочулар бул беш активистти Казакстандагы саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.

Алматы шаардык соту 11-октябрда Абай Бегимбетовду, Асхат Жексебаевди, Кайрат Клышевди жана Ноян Рахимжановду беш жылга эркинен ажыратып, бул аралыкта соцтармактар аркылуу коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салган. Сот аларды "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Мындан тышкары ушул эле айыптар менен дагы тогуз активисттин эркиндиги бир жылдан эки жылдык мөөнөткө чейин чектелген.

Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу 13 активисттин үстүнөн жүргөн соттук жараянды "оппозиция өкүлдөрүн саясий куугунтуктоо өнөктүгүнүн жеткен чеги" деп атаган.

Августтун аягында жогорудагы айыптар менен Алматы соту жарандык активист Уласбека Ахметовду эки жылга эркинен ажыратып, беш жыл бою соцтармактар аркылуу коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салган. Активисттердин баары айыптоолорду четке кагып, өкүмдөр боюнча жогорку баскычтарга даттануу ниеттерин билдиришкен.

Активисттерге тагылган айыптар өлкөдө "экстремисттик уюм" деп табылган "Казакстандын демократиялык партиясы" менен "Көчө партиясына" байланыштуу. Европа парламентинин жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын документтеринде бул кыймылдар тынч маанайдагы оппозициялык бирикмелер катары көрсөтүлгөн.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG