Ссылки доступа

Түркстанда бала бакча кызматкерлери митингге чыкты


19-октябрда Түркстан облустук акимчилигинин алдында аймактын ар кайсы райондорунан келген жеке бала бакчалардын жүздөгөн ээлери митинг өткөрүштү.

Алар бала бакчаларды каржылоодогу ар бир тарбиялануучу үчүн бөлүнө турган каражаттын үч жылдык айырмасын төлөп берүүнү талап кылышты.

Митингдин катышуучулары колдоруна "Тарбиячылардын айлыктары жогоруласын!", "Башка тармактагыдай эле биздин да эмгегибизди баалагыла!" деген жазууларды кармап турушту.

Акция катышуучусу Дильбар Хабибова акыркы жылдары Түркстан облусундагы жеке бала бакчаларга орточо эсеп менен бир бала үчүн 25 миң теңгеден гана бөлүнүп келгенин билдирди.

— Биз маяналарды көбөйтө албай жатабыз, анткени мамлекеттик бюджеттен бала башына төлөнө турган каражат жогорулабай келет. Тарбиячылар педагогдун макамы тууралуу мыйзам эмнеге аткарылбай жатканын түшүнбөй жатышат. Ошондуктан бала бакча ээлери бүгүн акимчиликке келдик, — деди Хабибова.

Акимчиликтин Адам потенциалын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Амантай Усербаевдин айтымында, расмий түрдө бала башына каржылоо үчүн 41 миң теңгеден бөлүнөрү жазылганы менен, иш жүзүндө дээрлик эки эсе аз — 25,8 миң теңгеден гана бөлүнүүдө. Ал ишкерлердин талаптарын аткаруу үчүн Каржы министрлигине кат жолдонгонун кошумчалады.

Бүгүнкү күндө облустагы жеке бала бакчалардын кенже кызматкерлеринин айлыктары орточо эсеп менен 40 миң теңгени (90 доллар), тарбиячылардыкы 50-70 миң теңгени түзөт.

Митинг катышуучулары менен облус акиминин орун басарлары жолукту. Алар башка аймактарга салыштырмалуу Түркстан облусуна бала башына төлөнө турган акча аз бөлүнүп, бул тарбиячылардын айлыктарына таасир этип жатканын түшүндүрүштү. Бирок чогулгандарды бул жооп канааттандырбай, алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин атына жамааттык кат жазышты.

Жергиликтүү акимчиликтин маалыматына караганда, облуста жалпысынан 1424 бала бакча бар болсо, анын 1024ү жеке ишкерлерге таандык. Аларда тарбияланган балдардын саны 100 миңден ашат.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG