Ссылки доступа

Абаев: талибдер менен сүйлөшүү – акылга негизделген чечим


Казакстан президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Даурен Абаев казакстандык дипломаттардын радикалдуу "Талибан" кыймылынын (Казакстанда тыюу салынган) өкүлдөрү менен жолугушуусуна байланыштуу пикирин билдирди.

Абаев Ооганстан бийлигине талибдердин кайтып келишин "жагымдуу сценарий" деп атай албастыгын, бирок "башка топтор менен салыштырганда эң жаман варинат" эмес экенин айтты.

"Талибдер коңшу мамлекеттерди басып алуу максатын көздөгөн жок, мунун өзү жакшы", - деди Абаев "Ачык диалог 2.0" берүүсүндө.

Анын айтымында, "Ооганстанда экономикалык жагдайлардын курчушунан улам талибдердин режими куласа, алардын ордуна андан да радикалдуу "Ислам мамлкети" тобу келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт".

17-октябрда Казакстан президентинин эл аралык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханов баштаган казак делегациясы Кабулга расмий сапар менен барган. Талибдер менен жолугушуу учурунда ооган элине Казакстан тараптан гуманитардык жардам берүү жана соода-экономикалык байланыштарды калыбына кетирүү маселелери талкууланганы айтылган.

Казакстандын Жогорку соту 2015-жылы 15-мартта өлкөдө "Талибан" кыймылынын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, аны террордук уюм катары атаган. Ооганстанды басып алган талибдер 7-сентябрда жаңы өкмөттүн курамын жарыялашкан. Бир да аял жок министрлер кабинетинде негизинен мурда террорчулардын тизмесине киргизилген жоочулар басымдуулук кылат.

XS
SM
MD
LG