Ссылки доступа

Тажикстанда президенттин тууганы жакын санаалашына кол салууга шектелүүдө


Азизулло Сохибов

Бохтар шаарынын прокуратурасы «Точикматлубот» ишканасынын Хатлон облусу боюнча бөлүмүнүн төрагасы Азизулло Сохибовго карата тергөө иштерин баштады.

10-октябрда анын үйүнөн бычактан жараланган 36 жаштагы аял ооруканага жеткирилген.

Кийинчерээк Азизулло Сохибов “Озоди” радиосуна аял өзүнө-өзү бычак сайганын, бул окуяга эч ким күнөөлүү эмес экенин айткан.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгындагы өз булак 24-октябрда бардык материал топтолуп, прокуратурага өткөрүлүп берилгенин кабарлады. Анын айтымында, ал түнү Сохибовдун үйүнө 25 киши конокко келген, көбү сурак берип бүттү.

Өз булак бул факты боюнча кылмыш иши козголо элек экенин белгиледи. Бохтар шаарынын прокуратурасы комментарий бере элек.

Буга чейин “Озоди” радиосунун өз булагы жарадар болгон 36 жаштагы аял Азизулло Сохибовдун жакын санаалашы экенин маалымдаган. Мойнуна бычак урулган аялдын жараты тигилип, бир нече күндөн кийин ооруканадан чыккан.

Күч түзүмүндөгү бир нече булактар ага Азизулло Сохибов кол салганын айтышууда.

50 жаштагы Азизулло Сохибов – Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибовдун агасы.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG