Ссылки доступа

Казакстанда активисттерди камоо уланууда


Орол шаарында Маруа Ескендирова “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу” айыбы менен 20 суткага камалды. Сот аны бир ай мурдагы акция үчүн жоопкерчиликке тартты. Активист өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган жок жана чечимди арызданууга ниеттенүүдө.

Ескендирова 25-сентябрда “Казак калкынын баатыр кыздары” эстелигинин алдында сөз сүйлөгөн. Беш киши катышкан акцияны бийлик өкүлдөрү “мыйзамсыз митинг” деп атап, протокол толтурушкан.

Айыпталуучу сот отурумунда бир нече активист менен бирге 23-октябрда Маншук Маметова аянтында тынч жыйын өткөрүү тууралуу кабарлама бергенин билдирди.

- Бизге жыйын өткөрүүгө уруксат беришкен жок, ошол күнү дал ошол убакта “Жаштар жемкорлукка каршы” деген иш-чара өтөрү айтылды. Бүгүн жаштарды колдоо максатында аянтка бараткам. Жолдон полициячылар кууп жетип, колумду кайрып, автозакка түртүп отургузушту, – деди Ескендирова.

Бул арада Аксай шаарынын активисти Тилеккабыл Келибаев оппозициянын митинги алдында полиция аны бөлүмгө чакырып, “мыйзамсыз митингге” катышуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткенин айтты.

- Оролго барып, митингге катышсаң, административдик жоопко тартыласың – же айып пул төлөйсүң, же камаласың деп эскертишти, - деди Келибаев.

22-октябрда Орол шаардык соту Амангелди Орозбаевди өткөн айда уруксатсыз митинг өткөрүү менен “тынч демонстрациялар боюнча мыйзамды бузду” деген айыпка жыгып, 20 суткага камоо чечимин чыгарган.

Францияда бозгунда жүргөн казакстандык банкир, бийликтин сынчысы Мухтар Аблязов 23-октябрда казакстандыктарды жапырт митингге чыгууга чакырган.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы бул күнү Алматыда митинг өтө турган жерде кеминде беш киши кармалганына күбө болгон. Бул аймакта интернет өчүрүлгөн. Аянтка келгендерге полиция бир жерге чогулууга уруксат берген эмес. Ага карабай айрым жарандар талаптарын айтууга үлгүрүшкөн.

Чымкент шаарында эки киши кармалган. Башка калааларда да полициянын көзөмөлү күчтөтүлгөн.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG