Ссылки доступа

Ташкент-Казакстан-Москва багыты боюнча "Агроэкспресс" поезди ноябрда жүрө баштайт


Ташкенттен Москвага "Агроэкспресс" поезди ноябрдын ортосунан тарта жүрө баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдирди.

Анын айтымында, алгачкы поезд Өзбекстандан Москвага түрдүү жашылча-жемиштерди жеткирет.

Умурзаков бул долбоорго Казакстан да кошулганын, алгач айыл чарба азыктары Казакстанга жеткирилип, андан ары Орусияга жөнөтүлүп турарын белгиледи.

Министрдин айтымында, мындай система азык-түлүктөрдүн Орусияга тез жана оңой жеткирилишин камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө "Агроэкспресс" Москвадан Ташкентке буудай, ун жана эт азыктарын жеткирүүдө.

Сентябрдын аягында Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги "Агроэкспресс" долбоору ноябрда сыноо иретинде башталып, декабрда толук түрдө ишин баштай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG