Ссылки доступа

Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча документтер даярдалганын билдирди


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык документтер даярдалганын 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Мунун алдында депутат Эмил Токтошев темир жол куруу боюнча сүйлөшүү качан жүрө турганына кызыккан.

"Өзбек тарап менен акыркы сүйлөшүүлөрдүн бардыгы бүттү. Министрлер тик учак менен айланып учуп, тийиштүү кагаздарды даярдады. Биз президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарын күтүп жатабыз. Кытай коронавируска байланыштуу ачылбай жатат. Ачылса ошол сапарда бул маселенин тагдыры чечилет деп жатабыз. Акыркы маршруттардын бардыгы Кыргызстандын ичинде такталып бүттү. Биздин аймактан өтө турганы 280 чакырым экен. Анын 57 чакырымы тоннел болот. Дүйнө жүзүндө куруп жаткан компаниялардын бардыгы "курса, жасаса болот" деп жатышат. Каржы маселеси кандай болот, ошонун моделдерин иштеп жатабыз", - деди Жапаров.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан ашуун убакыттан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келет. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна Орусия да катышууга даяр экенин билдирген. 2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду салууга 6-6,5 млрд. доллар кетет. Буга чейинки бийлик жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 430 чакырымга созуларын айткан.

XS
SM
MD
LG