Ссылки доступа

Казакстанда активист Бактыбаевдин өлүмү боюнча иш кайра каралат


Казакстандын Караганда облусунда активист Галы Бактыбаевдин өлүмү боюнча иш кайра кароо үчүн райондор аралык сотко келип түштү. Бул маалыматты "Азаттыктын" казак кызматына аталган соттон ырасташты.

Маалыматка караганда, активисттин өлүмүнө шектелген анын төрт айылдашы – ишкер, мурдагы полиция кызматкери жана мурун соттолгон эки киши кайрадан сот жообуна тартылат. Мындан тышкары сот арачыларынын жаңы курамы тандалып, күбөлөр, жабырлануучулар жана соттолуучулар кайра суралат. Азырынча ишти кайсы судья карай турганы белгисиз.

1-июнда сот арачылары бул иш боюнча чечим кабыл алып, активисттин өлүмүн уюштурууга айыпталган мурдагы полиция кызматкери менен ишкерди актаган. Мындан тышкары сот арачылары кылмыштын аткаруучусу экени айтылган эки кишини бул эпизод боюнча күнөөсүз экенин айтышкан. Алар Бактыбаевди анын өлүмүнөн бир нече ай мурда сабоого жана жергиликтүү жашоочулардын терезелерине ок атууга күнөөлүү деп табылышкан.

Октябрда Караганда облустук сотунун коллегиясы маркум активисттин жакындарынын апелляциялык арызын карап, актоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

59 жаштагы активист жана коомдук ишмер Галы Бактыбаев 2019-жылы майдын аягында өз үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG