Ссылки доступа

Тажикстанда керектөө насыяларына суроо-талап өсүүдө (видео)


Тажикстандагы банктардын бири
Тажикстандагы банктардын бири

Тажикстандын банктары акыркы бир жылдын ичинде керектөө насыяларын берүүнү 80% көбөйтүштү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы кабарлады.

"Алиф" банкынын кызматкери Жахонгир Забиров жарандар насыяны көбүнчө күнүмдүк жашоого керектүү буюмдарды, гаджеттерди, тиричилик техникаларын жана Орусияга авиабилет сатып алуу үчүн алып жатышканын билдирди. Анын айтымында, мындай насыяга суроо-талап былтыр — коронавирус пандемиясына жана жумуш орундарынын азайышына байланыштуу өскөн.

Ошол эле маалда тажик экономисттери өлкөдө керектөө насыясына суроо-талаптын өскөнүнө тынчсызданып жатышат. Экономист Хожимухаммад Умаров бул калктын акчасы түгөнгөнүнөн кабар берет деп эсептейт.

"Тажикстандын жашоочуларынын жалпы кирешесинин 23 пайызын мигранттар жөнөткөн акча түзөт. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөн. Демек, калктын кирешеси да азайды. Себеби түшүнүктүү — экономикалык каатчылык, Орусияга каршы киргизилген санкциялар, коронавирус пандемиясы жана башкалар", - деди ал.

Тажикстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн жашоо-шарты Орусиядан жөнөтүлгөн акчага көз каранды. Тажикстандын Улуттук банкы былтыр Орусиядагы мигранттар 6,3 пайызга аз акча которгонун билдирген.

Орусиянын Борбордук банкы 2021-жылдын алгачкы алты айында тажикстандыктар мекенине 752 миллион доллардан ашык каражат жөнөткөнүн кабарлаган.

В Таджикистане растет спрос на потребительские кредиты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00
XS
SM
MD
LG