Ссылки доступа

"Талибан" БУУнун Өзбекстандагы гуманитардык жардамын Ооганстанга киргизүүгө уруксат бере элек


"Талибан" кыймылы түзгөн өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өзбекстандагы гуманитардык жүгүн Ооганстанга киргизүүгө уруксат бере элек. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, жүк Ооганстанга качан жеткирилери ооган тараптын уруксат беришине байланыштуу болот. Азыр бул маселе менен БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын Кабулдагы өкүлчүлүгү алектенүүдө.

Октябрдын ортосунда БУУнун аталган башкармалыгынын 100 тонна гуманитардык жардамы Өзбекстандагы Termez Cargo Centr деп аталган логистикалык борборго жеткирилген. Ал жактан жүк унаалары менен Ооганстандын Мазари-Шариф шаарына ташылышы керек болчу.

Буга чейин БУУ Ооганстанга Өзбекстан аркылуу гуманитардык жүк жеткире турганын кабарлаган.

Ооганстанда гуманитардык каатчылык күчөп жатканын белгилеген БУУнун өкүлдөрү бүгүнкү күндө 20 миллиондон кем эмес ооганстандык жардамга муктаж экенин билдиришүүдө.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG