Ссылки доступа

Казакстанда сот беш жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарга карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды


Караганда облустук сотунун апелляциялык коллегиясы беш жашар кызды зордуктоого катыштыгы бар деп айыпталган Сатпаев шаарынын эки тургунуна карата чыккан буга чейинки айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды.

Буга чейин соттолуучулар "алардын күнөөлүү экени боюнча объективдүү далилдер жок экенин айтып", өкүм боюнча апелляциялык арыз жазышкан.

"Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылы 23-июлда Сатпаев шаарынын мас абалындагы тургуну көп кабаттуу үйдүн алдынан кичинекей кызды жолуктуруп, аны күч менен батирине алып кирип кеткени аныкталган. Андан соң коңшуларын (аялы менен күйөөсүн) чакырып, кызга зомбулук көрсөтүүнү сунуштаган. Коңшусунун аялы кызга "ийне менен белгисиз зат сайып", ал эс-учун жоготкон. Ошол маалда эркектер аны зордуктап, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге барышкан. Соттолуучулардын күнөөсү жабырлануучу менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле экспертизанын жыйынтыктары менен ырасталган. Кылмыштын оор экенин эске алганда, берилген жаза адилеттүү болуп эсептелет. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди", — деп жазылган сот өкүмүндө.

Сатпаев шаарында жашаган беш жашар кыз 2020-жылы июлда зордукталып, ал жапырт башаламандыкка алып келген: полиция кызматкерлери сабалып, автоунаалар талкаланып, өрттөлгөн. Буга кызды зордуктоого шектелген адамды полиция кызматкерлери жашыруун түрдө үйүнөн чыгарып кеткени себеп болгон. Шаардын ондогон тургуну жергиликтүү полиция бөлүмүнө барып, имараттын бир бөлүгүн жана 16 автоунааны талкалап, автобусту өрттөп, полиция кызматкерлерине таштарды жана бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Расмий маалымат боюнча ал түнү 14 жаран жана 50 полиция кызматкери жаракат алган.

Кызды зордуктоого үч тургун айыпталып, алардын бири — 62 жаштагы эркек киши сотко чейин эле тергөө абагында өз жанын кыйып каза болгон. Дагы эки айыпталуучуга (жубайлар) карата өкүм ошол эле жылы чыккан — күйөөсү өмүр бою эркинен ажыратылса, аялы 22 жылга соттолгон.

Шаарда жапырт башаламандык уюштуруу айыбы менен тогуз киши үч жылдан соттолсо, 44 тургун төрт жылдан, экөө бир жарым жылдан шарттуу кесилген. Төртөө "жапырт башаламандыкты уюштурууга", экөө "башаламандыкка чакырууга" жана 51 киши "башаламандыктарга катышууга" күнөөлүү деп табылган.

Видео

Видео

Сурамжылоо: шайлоо кандай өттү?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
XS
SM
MD
LG