Ссылки доступа

Алматыда Назарбаев интеллектуалдык мектебиндеги окуучунун өлүмү иликтенүүдө


Алматы шаардык полиция департаменти Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

“Окуянын себеби жана жагдайы тергөө учурунда аныкталат. Соттук медициналык-экспертиза дайыналды”, - деп айтылган департаменттин билдирүүсүндө.

Назарбаев интеллектуалдык мектебинин администрациясы 8-класстын окуучусунун өлүмүн тастыктады жана муну “кайгылуу окуя” деп атады.

"Алматыдагы химия-биология багытындагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин администрациясы 27-ноябрда сабактан тышкаркы учурда кайрылуу окуя болгонун ырастайт. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө. Жашы жете элек баланын кызыкчылыгы үчүн мектеп кошумча маалымат бере албайт" делген билдирүүдө.

КазТАГ агенттиги өз булагына таянуу менен жазгандай, өспүрүм “Гарри Поттер” темасындагы мектеп балында тамаша иретинде юбка кийип алган. Бул куратордун кыжырын келтирип, аны күч менен мектеп психологуна алып барган. Психолог менен сүйлөшкөндөн кийин бала 11 кабаттан боюн таштаган.

XS
SM
MD
LG