Ссылки доступа

Пенжим окуясында дагы бир кишинин жабыркаганы айтылды


Алматы облусундагы Панфилов районунун акими Талгат Умралиев Пенжим айлындагы жаңжалдан дагы бир тургун – 53 жаштагы киши жабыркаганын билдирди.

“Жаштар айылда жүгүрүп, таш ыргытып жүргөндө 1968-жылкы кишинин башына таш тийип, жаракат алган. Ага бардык, ооруканада жатат, абалы туруктуу, дарыгерлер ага жардам беришкен”, — деди Умралиев.

27-октябрда Пенжимдеги мектепте окуучулар мушташып, 16-жаштагы бала жабыркаган. Дарыгерлер баланын абалы оор экенин маалымдашууда.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы: “Башынан жаракат алган бейтаптын абалы оор. Баш сөөгү сынган, мээсине катуу зак кеткен, оң жак саамайында жаракат бар, 2-3-даражадагы травматикалык шок алган. Эсинде”, деп кабаралды.

Окуучулардын арасындагы мушташ кийин чоңдордун калайман жаңжалына айланган. Жаңжал учурунда бир топ киши үйлөрдүн, автоунаалардын терезелерин талкалашкан. Өрттөнгөн турак жайлар бар экени айтылууда.

Полиция окуяга байланыштуу “Эки жана андан көп адамдын ден соолугуна атайлап зыян келтирүү” жана “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мушташтын себептерин териштирүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 28-октябрда айыл тургундары менен жолугушту. Жыйында уйгур тектүү мектеп окуучусунун апасы чырдын себеби мектеп окуучулары бирин-бири басмырлап келген көрүнүш эбактан бери тамыр алганын эске салды:

“Бул окуянын чыгышына эмне себеп болду? Бул иш кечээ эле чыга калган жок. Биздин балдар сентябрь айынын башында мектепке бара баштагандан бери эле алар эшикте же коридордо жүрө албай калышты. Биздин уйгур балдар мектепке батпай калды. Ажаатканага дагы жалгыз чыга алышпайт. Чыкса дагы чогуу чыгып жүрүштү. Бул иш мына ошондой нерселерден башталган. Биздин балдарга түкүрүп өтүшөт. Сабыр кылып келдик”, – деди ал.

Казакстан менен Кытайдын чек арасынан 15 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Пенжим айылында 12 миң калк жашайт. Анын 7 миңден ашууну казактар, 5 миңдейи уйгурлар. Пенжимдеги жергиликтүү калк дыйканчылык менен алектенет.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG