Ссылки доступа

Тажикстанда ун кайрадан кымбаттап жатат


Тажикстанда ун кайрадан кымбаттап жатат. 27-октябрда Душанбедеги бир нече базарды кыдырып чыккан "Озоди" радиосунун журналисттери Казакстанда өндүрүлгөн 50 килограммдык бир кап ундун баасы 300 сомониге жеткенин билдиришти.

Тургундар аймактарда, өзгөчө Тоолуу-Бадахшан автоном облусу менен Рашт районунда ун мындан да кымбат экенин айтып жатышат.

Акыркы бир айдын ичинде Тажикстанда бир кап ундун баасы 240 сомониден 300 сомониге (25 доллардан ашык) чейин жогорулады. Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги муну "Казакстанда буудайдын түшүмү аз болгону" менен түшүндүрүп жатат. Тажикстан унду негизинен Казакстандан жана бир аз көлөмдө Орусиядан импорттойт.

Маалыматка караганда, өлкө жарандарынын унга болгон бир жылдык муктаждыгы 700 миң тоннаны түзөт. Буга чейин тажик бийлиги ундун баасын көзөмөлдөөнү убадалаган.

XS
SM
MD
LG