Ссылки доступа

Грузияда шайлоонун экинчи айлампасында оппозиция жеңилди


Оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдын" башчысы Никанор Мелия

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасында башкаруучу партиянын талапкерлери жеңишке жеткенин жарыялады. Грузин оппозициясы бийлик шайлоону бурмалады деген негизде анын жыйынтыгын тааныган жок.

Беш ири шаарда – Тбилиси, Батуми, Рустави, Поти жана Кутаисиде мэрлер "Грузин кыялы" партиясынан болот.

Тбилисидеги мэр шайлоодо аталган партиянын талапкери Каха Каладзе 55,5% добуш менен утуп чыкты. Оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдан" ат салышкан Никанор Мелия 44,5% алды.

Ишембиде Грузиянын өзүн-өзү башкарган беш шаарында жана 15 жергиликтүү кеңеште шайлоонун экинчи туру өттү. 2011-жылы миллиардер Бидзина Иванишвили негиздеген бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен мурдагы президент Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын демилгеси менен түзүлгөн "Бириккен оппозиция" негизги атаандаштар болушту.

"Кавказ жаңырыгы" басылмасы жекшемби күнү кечинде Тблисинин борборуна оппозициянын бир нече миң тарапташы чогулганын кабарлады. Анда "Бириккен улуттук кыймылдын" башчысы Никанор Мелия оппозиция 7-ноябрь күнү Тблиси шаарында чоң митинг өткөрүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Мындан тышкары ушул жумада өлкөнүн бир катар шаарларында, анын ичинде Батуми менен Кутаисиде да нааразылык акциялары өтөрү айтылды.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG