Ссылки доступа

Казакстанда жүзгө чукул жумушчу иш таштады


1-ноябрда Актөбө облусунун Кеңкияк, Жаңыжол мунай кендерине транспорттук кызмат көрсөткөн алты компаниянын жүздөй айдоочусу нааразылык билдирип, жумушка чыгышкан жок. Алар маянанын аздыгына нааразы.

Дүйшөмбүдө ишке чыгуудан баш таркандардын бир тобу Кеңкияк кениндеги "СНПС - АТК" компаниясынын алдына чогулушту.

—СНПС – Актөбөмунайгаз менен иштеген "Western hope trade" компаниясына жеке автоунаамды 2011-жылы ижарага бергем. Ал жылы бензиндин литри 93, газ 30 теңге эле. Азыр бензин 180, газдын литри 80 теңге. Жеке автоунаамды ижарага берип, аны айдаганым үчүн (сегиз саатык иш) айына 180 миң теңге маяна алам. Иш сапар чыгымдары, тамак-аш, бензин, автоунаа тетиктери – баары ошол 180 миңдин ичинде. Мындан тышкары апта сайын ПЧР-тест тапшырабыз. Колумда 30-40 миң теңге калат. Маяна он жылдан бери өзгөргөн жок, - деди жумушчулардын бири Нуртас Кенжебаев.

“СНПС-АТК” компаниясынын Кеңкияктагы өкүлү Алтынбек Шегембай нааразылыкка чыккандар менен жолукту. Ал жумушчулар менен компания түз келишим түзбөгөнүн, ошондуктан алардын кеңсеге келишкени орунсуз экенин айтты.

Актөбө облустук эмгек инспекциясы билдиргендей, 1-ноябрда облустан атайын комиссия келип, Кеңкияк жана Жаңыжол кендериндеги абал менен таанышты. Инспекция башчысы Талгат Ескарин эки кендеги нааразылыкка 80 адам чыкканын айтты. Эмгек инспекциясынын маалыматына караганда, түшүндүрүү иштеринен кийин 15 адам жумуш ордуна кайтты, дагы 65 киши нааразылыгын улантууда.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG