Ссылки доступа

Грузия оппозициясы Саакашвилини бошотуу талабы менен мөөнөтсүз акция баштайт


Грузиядагы оппозициялык "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын лидери Ника Мелия бүгүн өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвили кармалып турган Рустави шаарындагы абактын алдында аны бошотуу талабы менен мөөнөтсүз акция баштала турганын билдирди.

Ал Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына "Грузия нааразылык акциясын баштайт!" деп жазды. Анын айтымында, акция жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат беште башталып, Саакашвили эркиндикке чыгарылганга чейин уланат.

Грузиядагы саясий кризис жергиликтүү шайлоолордун алдында өлкөгө келген Михаил Саакашвили кармалгандан кийин курчуп кетти. Мурдагы президент аны бошотууну талап кылып, абакта ачкачылык жарыялаган.

Саакашвилинин демилгеси менен түзүлгөн "Бирдиктүү улуттук кыймыл" 30-октябрда өткөн жергиликтүү шайлоолордун экинчи айлампасынын жыйынтыктары бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын билдирген. Бул шайлоодо бийликчил партия 20 аймактын 19унда жеңишке жеткен.

Саакашвили Facebook баракчасына "Бирдиктүү улуттук кыймыл" шайлоодогу жеңишин уурдатып жибергенин жазып, бийликти "Грузин кыялынын" колунан алуу үчүн жарандарды нааразылык акцияларга чыгууга чакырган.

Бүгүн Саакашвили ачкачылык кармап жатканына 33 күн болду. Ал Facebook баракчасына бул аралыкта дээрлик 20 килограммга арыктаганын жазды.

XS
SM
MD
LG