Ссылки доступа

HRW: "Душанбе Ооганстандагы каатчылыкты шылтоо катары пайдаланып, Тажикстандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурбай жатат"


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен эл аралык коомчулукту тажик бийлигин өлкөдөгү адам укуктарынын кейиштүү абалына көңүл бурдуртууга чакырды.

Тажикстандын бийлиги 4-ноябрда өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде баяндама жасайт.

HRW Душанбенин "Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүлмөйүнчө талибдердин бийлигин тааныбоо" позициясы — Тажикстандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурбай коюу үчүн шылтоо болбошу керектигин белгиледи.

"2015-жылы Тажикстандагы жалгыз оппозициялык партия эсептелген "Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясына" тыюу салынгандан кийин өлкөдө жүздөгөн саясий активисттер, журналисттер жана адвокаттар камакка алынды. Бийлик дайыма оппоненттери менен диссиденттерди, алардын өлкө ичиндеги үй-бүлө мүчөлөрүн кысымга алып, көз карандысыз ЖМКларга басым жасап келет. Абактардан кыйноолор жана катаал мамилелер тууралуу билдирүүлөр байма-бай келип турат", — деп жазылган уюмдун 1-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө.

HRW уюму Тажикстандын адам укуктарынын сакталышы боюнча Женевадагы отчёту бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болорун белгиледи. "Бул Душанбеге Ооганстандагы каатчылыкты шылтоо катары пайдаланып, Тажикстандагы адам укуктарынын бузулуп жатканына көңүл бурбай кое албастыгын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк болот", деп жазылган билдирүүдө.

Тажикстан адам укуктарынын сакталышы боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде акыркы жолу 2016-жылы отчёт берген. HRW уюму андан бери өлкөдө адам укуктарына байланышкан абал начарлап гана жатканын белгиледи.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандагы адам укуктарына байланышкан абалды байма-бай сындап келишет. Өз кезегинде тажик бийлиги адам укуктары бузулган фактыларды четке кагып, эл аралык уюмдардын сунуштарын көңүл сыртында калтырып келет.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG