Ссылки доступа

"Адил сөз": 2021-жылы Казакстанда жети журналист кармалып, 16 ЖМК өкүлүнө кол салуу болгон


Казакстандагы "Адил сөз" уюму 2021-жылдын башынан бери өлкөдө журналисттердин ишине тоскоолдук кылган 77 учурду каттады. Бул тууралуу 2-ноябрда уюмдун башчысы Тамара Калеева социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, мындан тышкары жыл башынан бери өлкөдө жети ЖМК өкүлү кармалып, журналисттерге 16 жолу кол салуу, эки жолу аңдуу жана 30 жолу коркутуу болгону катталган.

Калеева Сөз эркиндигинин индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 155-орунга жайгашканын эске салып, өлкөдө ЖМК кызматкерлерине каршы кылмыш кылгандар көпчүлүк учурда "абсурддук себептер" менен жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын белгиледи.

Ал мисал катары 716.kz басылмасынын кабарчысы Оксана Матасовага кол салуу болгон учурду айтып, ал боюнча полиция "кол салган адам журналист өзүн тааныштырып жатканда жакшы укпай калган" деген жыйынтык чыгарганын белгиледи.

Калеева ошондой эле Петропавловск шаарында соода борборунун күзөтчүлөрү журналисттерге кол салганын, жыйынтыгында укук коргоо органдары кабарчыларды күнөөлүү кылып койгонун эске салды. Мындан тышкары ал "Ак Жайык" гезитинин башкы редактору Азамат Майтанов өмүрүнө коркунуч жаралып жатканы боюнча арыз менен кайрылгандан кийин полиция эч кандай аракетке барбаганын жазды.

Калеева ЖМК өкүлдөрүнө карата мыйзамсыз аракеттерге барган учурларды иликтөөгө чакырып, болбосо Казакстан сөз эркиндиги жагынан "кара аймакка" кирип калышы мүмкүн экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG