Ссылки доступа

Казакстанда алты адамдын өмүрүн алган "Абай" шахтасы быйыл текшерүүдөн өткөн


Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына тиешелүү "Абай" шахтасындагы кырсык тууралуу түшүндүрмө берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген министр Юрий Ильин алты адамдын өмүрүн алып, эки адамды жаракат кылган окуяга метан газынын көп өлчөмдө чыгышы себеп болгонун айтты.

Министрдин билдиришинче, мынчалык газ концентрациясына карабай, жарылуу болгон эмес. Электр энергиясы убагында өчүрүлгөн. Окуя ремонт иштери жүргүзүлүп, аталган тилкеде 500 метр тереңдикте көмүр казууга даярдык башталган кезде болгон. Ремонт жасаган бригада шахтага таңкы саат 8де түшкөн.

— Шахтада газ дароо эселеп көбөйүп, думугуу болгон. Забойдогу алты киши куткаруу жабдууларын колдонууга да үлгүргөн эмес. Шахтага кире бериште турган эки адам сактанууга жетишкен, алар оор абалда ооруканада. Комиссия метандын чыгуу себебин аныктап, технологиялык процесстер учурунда кемчиликтер кеткен-кетпегенин текшерет, — деди Юрий Ильин.

Ал өкмөттүк комиссия президенттин тапшырмасы менен түзүлгөнүн белгиледи. Учурда шахтада суу сордурулуп, абасы тазаланып жатат.

Шактадагы жумушчулардын өлүмүнө байланышуу кылмыш иши козголду. Министрдин айтымында, шектүүлөр бар.

Маалыматка караганда, бул шахтада маал-маалы менен белгилүү бир өлчөмдө газ чыгып турат. Быйыл май айында шахтанын ишин токтотуу боюнча эскертүү берилген. Анда электр жабдууларын, дем алуу аппараттарын пайдаланууда көптөгөн катачылыктарга жол берилип жатканы айтылган. Министр белгилегендей, текшерүүдөн кийин кемчиликтер жоюлуп, шахта ишин уланткан.

"Абай" көмүр кенинде 2008-жылы да ушуга окшош кырсык катталган. Анда метан газы жарылып, 30 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын көбүнүн сөөгүн жер үстүнө алып чыгууга мүмкүн болгон эмес.

XS
SM
MD
LG