Ссылки доступа

Ташкентте жапырт мушташ катталды (видео)


Ташкентте жапырт мушташтын катышуучуларына карата кылмыш иши козголду.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, окуя 31-октябрда түнкү саат ондор чамасында Юнусабад районундагы Богишамол көчөсүндө болгон.

Маалыматка караганда, жаңжалга жети киши катышкан. Алардын бири мушташтын дагы бир катышуучусу айдап качууга аракет кылган Chevrolet Equinox үлгүсүндөгү автоунааны бычак менен зыянга учураткан.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Жаңжалдын себеби айтыла элек.

XS
SM
MD
LG