Ссылки доступа

Казакстанда аткаминер "Ак Жайык" сайтынын журналисти менен редакторуна каршы полицияга арыз жазды


Атырау облусунун акиминин орун басары Кайрат Нурлыбаев аймактык "Ак Жайык" сайтынын кабарчысы Фархат Абилов менен башкы редактору Азамат Майтановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен полицияга кайрылды. Бул тууралуу 8-ноябрь күнү кечинде аталган басылма кабарлады.

"Ак Жайыктын" маалыматына караганда, буга 18-октябрда сайтка чыккан жаңылык себеп болгон. Анда Абилов облустук акимчиликтеги өз булактарына шилетеме кылып, Кайрат Нурлыбаев "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же уурдоо" беренеси менен тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сурак бергенин жазган.

"Журналист тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Билдирүү чыккандан бир нече саат өткөндөн кийин облустук акимчилик кылмыш ишинин чоо-жай тууралуу түшүндүрмө берип, ал кишиге шек туудурган себептерди көрсөткөн", — деди Абилов.

Анын айтымында, арыз ээси редакцияны "жазыксыздык жоромолун бузууга" жана "кылмыш-жазык процессине катышып жаткан адамдын ар-намысына шек келтүрүүгө" айыптаган. Акимдин орун басары арызында сайттагы маалымат "бурмаланганын", редакциядан маалымат булагын ачыктоону, маалыматты төгүндөөнү жана кечирим суроону талап кылган.

Казакстанда аткаминерлер ЖМК өкүлдөрүнө же журналисттерге каршы полицияга арыз менен кайрылган учурлар көп кездешет.

Жыл башынан бери Казакстандагы сөз эркинидигин коргогон "Адил сөз" уюму журналисттердин ишине тоскоолдук кылган 77 учурду каттаган. Уюмдун маалымтына караганда, бул аралыкта жети ЖМК өкүлү кармалып, журналисттерге 16 жолу кол салуу болгон. Мындан тышкары эки журналист аңдууга, 30 журналист коркутууга кабылган.

XS
SM
MD
LG