Ссылки доступа

Орусия ТИМ башчысы: Казакстанда ксенофобия бар


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Российская газета” басылмасына жарыяланган макалада Казакстанда орус тилдүүлөргө карата ксенофобиялык көз караш бар экенин айтты.

“Тилекке каршы, кийинки кездерде Казакстанда орус тилинде сүйлөгөн жарандарга каршы бир катар резонанстуу ксенофобиялык көрүнүштөргө күбө болдук”, - деген Лавров.

Ал тыштан улутчулдукту өрчүтүү жана Орусия менен болгон кызматташууну дискредитациялоо аракети жүрүп жатканын билдирди. Сергей Лавровдун айтымында, Нур-Султан менен эки тараптуу мамиленин деңгээли ар бир тынчсыздандырган окуяга карата бирге ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

"Бул үчүн ТИМ, укук коргоо жана юстиция органдары, ошону менен бирге президент администрациясы аркылуу түз коммуникация каналдарын пайдаланабыз. Эки элдин өкмөттүк эмес секторлору, эксперттик жана журналисттик коомчулугу арасында тиешелүү жумуш жүрүп жатат", - деп кошумчалады Лавров.

Соңку айларда Орусияда Казакстандагы улут аралык мамилелер жана орус тилдүү калктын абалы тууралуу ар түрдүү талкуулар күчөдү. Алардын көбү негативдүү сыпатка ээ: Орусиялык басылмалар Казакстанда орустар жана орус тилдүү жарандар басмырланып жатканын жазышууда. Казак бийлиги айыптоолорду четке кагып, мамлекеттик тил саясаты ырааттуу жүргүзүлүп жатканын жана орус тили расмий тил катары корголгонун белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG