Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы эле жасалган 6 млн долларлык монумент кайра реконструкциялана баштады


Ташкент облусунун Кибрай районунда эки ай мурун курулган Эгемендүүлүк монументи кайра реконструкциялана баштады.

Буга чейин “Оздолик” радиосунун өз булактары монументтин курулушуна мамлекеттик казынадан 6 миллион АКШ доллары жумшалганын билдиришкен.

Бийиктиги 60 метр монументтин долбоору түркиялык “Outdoor Factory – Acik Hava fabrikasi” компаниясына таандык.

Анын автору Синан Тураман монумент шашылыш жасалганын, буга байланыштуу аны оңдоо иштери жүрүп жатканын айтты. Анын билдиришинче, монументтин реконструкциясы мурдатан пландалган жана бул иш үчүн кошумча каражат талап кылынбайт.

Эгемендик монументи жайгашкан “Жаңы Өзбекстан” паркы быйыл Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын утурлай президент Шавкат Мирзиёев тарабынан ачылган.

XS
SM
MD
LG