Ссылки доступа

Меркел Путинден миграциялык кризисти токтотууга жардам берүүнү өтүндү


Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, беларус-польша чек арасындагы миграциялык кризисти токтотууга жардам берүүнү өтүндү.

Өз сөзүндө ал мигранттарды Европа биримдигине (ЕБ) каршы курал катары колдонууну "адамгерчиликсиз" деп атап, Путинди миграция кризисин токтотуу үчүн Беларуска таасир этүүгө чакырды.

Ошол эле сүйлөшүү тууралуу Кремль тараткан билдирүүдө Путин ЕБге Минск менен түздөн-түз байланышып, маселени чечүүгө аракет кылууну сунуштаганы жазылган.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан чыккан миңдеген мигранттар Евробиримдикке мүчө болгон Польшанын, Латвиянын жана Литванын аймагына Беларус аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет көрүп жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки 9-ноябрда өлкө парламентинин чукул жыйынында "Лукашенко жасап жаткан бул чабуулдун уюштуруучусу Москвада - ал президент Путин", - деп билдирген.

Минск бул миграциялык кризис үчүн расмий түрдө жоопкерчилик албай келет. Москва болсо ага тиешеси бар экенин четке кагууда.

XS
SM
MD
LG