Ссылки доступа

Тажикстанда Эмомали Рахмонго кат жазган эки соттолуучу карцерге киргизилди


Зубайдуллохи Розик (солдо) жана Рахматуллои Ражаб

Узак мөөнөткө соттолгон "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисттери Зубайдуллохи Розик менен Рахматуллои Ражаб айып изоляторуна киргизилди.

Рахматуллои Ражабдын жубайы Валамат Иброхимзоданын кабарлашынча, жума башында жолдошу менен телефондо сүйлөшкөндө ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмонго жолдогон катуу үчүн карцерге камалганы жатканын айткан.

Зубайдуллои Розиктун жакындары болсо анын улгайган киши экенин, айып жайында ага кыйын болорун билдиришүүдө.

“Түзөтүү мекемелеринде айып изоляторлору өтө кичине, жылуу суу жок жана жарык жетишсиз. Тамактын сапаты начар. Биз алардын тезинен кадимки камераларга которулушун каалайбыз”, - деди Зубайдуллои Розиктин уулу Билолиддин.

Тажикстандын Жаза аткаруу башкармалыгыны кызматкерлеринин бири 11-ноябрда “Озоди” радиосуна билдиргендей, Зубайдуллохи Розик менен Рахматуллои Ражаб колониянын жетекчилиги менен макулдашпай, президент Эмомали Рахмонго кат жөнөтүшкөн.

“Бул түрмө режимин бузууга жатат”, - деди ал.

28 жана 25 жылга соттолгон Рахматулло Ражаб менен Зубайдулло Розик Рахмонго жолдогон ачык катында алардын ишине “жашыруун” деген мөөр басылганына карабай, 99 барактан турган өкүм Интернетте жарыяланганын жана эл аралык коомчулук чындыкты билип, аларды саясий туткун катары тааныганын жазышкан.

”Ислам кайра жаралуу партиясына” 2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, ондогон өкүлдөрү эркинен ажыратылган. Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG