Ссылки доступа

Turkish Airlines Беларуска каттаган учактарына Ирак, Сирия жана Йемендин жарандарын салбай турганы кабарланды


Түркиялык аба компания бул өлкөлөрдүн дипломаттык паспорту бар жарандарынан башка адамдарды Беларуска ташыбоого макул болгонун Польша президентинин канцелярия өкүлү Якуб Кумох Твиттерге жазды. Ага ылайык, бул аба компаниясы менен сүйлөшүүдө жетишилди.

Ирак, Сирия жана Йемендин жарандары беларус-поляк чек арасындагы мигранттардын басымдуу бөлүгүн түзөт.

Польшанын маалымат каражаттары Евробиримдик өзүнө мүчө болбогон өлкөлөр менен мигранттардын Минскиге келишин токтотууну сүйлөшүп жатканын кабарлашкан.

Turkish Airlines бул чектөөлөр тууралуу маалымат бере элек.

Turkish Airways Орусиянын "Аэрофлот" аба компаниясы менен катар эле мигранттарды Беларуска ташууга тиешеси бар деп саналып, санкцияга кабылышы ыктымалдыгы айтылган. "Аэрофлот" мигранттарды ташууга тиешеси жоктугун билдирген.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан чыккан миңдеген мигранттар Евробиримдикке мүчө болгон Польшанын, Латвиянын жана Литванын аймагына Беларустан мыйзамсыз кирүүгө аракет көрүп жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

XS
SM
MD
LG