Ссылки доступа

«Узбекнефтегаз» келерки жылы АИ-80 бензинин өндүрүүдөн баш тартат


«Узбекнефтегаз» акционердик коому 2022-жылдан баштап АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди өндүрүүнү акырындык менен токтотууну пландоодо.

Бул тууралуу 16-ноябрда мунайды, мунайхимияны кайра иштетүү жана мунай өнүмдөрүн ташуу департаментинин директору Хушнужон Махмужанов билдирди.

Анын айтымында, «Узбекнефтегаз» АИ-80 бензинин өндүрүү боюнча өз стратегиясы бар.

«Биз келерки жылдан баштап акырындык менен AI-80 бензининен баш тартуунун жана анын сапатын жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатабыз», - деди Махмужанов.

АИ-80 бензини өзбек айдоочуларынын арасында жеткиликтүү күйүүчү май катары белгилүү. Расмий маалыматка караганда, ушул тапта бензин колдонуучуларга 6800 сумдан (63 цент) сунушталууда.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG