Ссылки доступа

Казакстанда былтыр жайдан бери митинг өткөрүү боюнча 148 өтүнүч орундатылган эмес


Алматы шаарынын коомдук өнүгүү башкармалыгы укук коргоочуларга калаада митинг өткөрүүгө дагы уруксат берген жок. Бул тууралуу “Ар, Рух, Укук” коомдук уюмунун жетекчиси Бакытжан Төрегожина билдирди. 

Бакытжан Төрегожинанын айтымында, акимчилик 11-декабрдын ордуна 27-ноябрда митинг өткөрүүнү сунуштаган. Укук коргоочулар мындан баш тартышкан. Буга чейин алар нааразылык өткөрүүгө уруксат бербеген акимчиликти сотко беришкен.

"Иллюзияга берилбейбиз, сотко даттануу менен чечим чыгарткандан кийин бул өлкөдө мыйзам да, логика да, Конституция да иштебей турганын, президенттин сөзүнүн салмагы жок экенин айтабыз, - деди Торегожина.

Ушуну менен акимчилик бир ай ичинде укук коргоочу Бакытжан Төрегожина менен мен Liberty фондунун жетекчиси Галым Агелеуовго митинг өткөрүүгө экинчи ирет уруксат берген жок.

“АктивисттерЭкстремистЭмес” укук коргоо тобунун маалыматына караганда, 2020-жылдын 30-июлунан бери Казакстанда 22 шаар жана калктуу конуштарда тынч жыйын өткөрүү боюнча 148 өтүнүч орундатылган эмес. Алардын ичинен 118и быйыл катталган.

Видео

Видео

Сурамжылоо: шайлоо кандай өттү?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
XS
SM
MD
LG