Ссылки доступа

Алтын-Казык” конушунун жарыгы карыздан улам өчүрүлгөнү кабарланды


“Түндүк электр” ишканасы Бишкектин четиндеги “Алтын-Казык” конушунда электр жарыгы эмнеге өчүрүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматы боюнча, “Алтын-Казыкта” жашаган абоненттин карызы 301 миң 527 сомго жетип, 16-ноябрда конушта жарык өчүрүлгөн.

Бул аймактын жер тилкеси трансформация боло электигине байланыштуу “Түндүк электр” конуштун тургундары менен келишим түзө албайт. Буга байланыштуу Келдибекова аттуу абонент жашоочулардын атынан бөлүштүрүүчү компания менен келишим түзгөн. Ал конуштагы абоненттердин жарыкка болгон төлөмүн чогултуп төгүп турган. Быйыл жыл башынан бери жарыкка акча төлөнбөй, карыз топтолуп калган. Сөз болуп жаткан Келдибеков түзүлгөн абал боюнча комментарий бере элек.

17-ноябрда кечке жуук башкалаа четиндеги Теңдик жана “Алтын-Казык” конушунун жашоочулары электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп, айланма жолду тосуп алышкан.

Окуя болгон жерге Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып автожол кайра ачылган.

XS
SM
MD
LG