Ссылки доступа

Назарбаев Ооганстанга Казакстан аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүүгө үндөдү


Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Astana club жыйыны учурунда Казакстан Ооганстанга азык-түлүк жагынын жардам берүүнү улантууга даяр экенин маалымдады.

Ал Ооганстандагы абалды биргеликте жөнгө салуунун маанилүүлүгүн атап өтүп, бул жараянга Казакстан чоң үлүш кошо аларын белгиледи.

"Карзай мырза президент болуп турган кезде биз ушул багытта иш алып бара баштаганбыз. Миңдеген ооган студенттери Казакстандын окуу жайларында окушту, кесипке ээ болуп, мекенине кайтышты. Дайыма гуманитардык жардам көрсөтүп келдик, азыр да буга даярбыз", - деди Назарбаев.

Ал Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Алматыда Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык логистикалык хаб куруу демилгесин колдогонун белгиледи. Мурдагы президент өткөн айда Казакстандын Ооганстанга беш миң тонна ун жеткиргенин эске салды.

"Алматыда БУУнун Ооганстанды реаблитациялоо боюнча эл аралык борборун куруу жөнүндө идеамдын маңызы артууда. Казакстан БУУнун механизмдери аркылуу ооган элине азык-түлүк жардамын жөнөтүүгө дайын. Казакстанда түзүлгөн KazAID эл аралык өнүгүү агенттиги жигердүү иш жүргүзүүгө тийиш",- деп кошумчалады Нурсултан Назарбаев.

XS
SM
MD
LG