Ссылки доступа

Эрдоганга Орусиянын аймактары жана Шинжаң району кошулган түрк дүйнөсүнүн картасы белекке берилди


Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Орусиянын 20га жакын аймагы жана Кытайдын бир бөлүгү кошулган "түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылды. Бул тууралуу "Кавказ.Реалии" басылмасы кабарлады.

Картага ылайык, түрк дүйнөсүнө Түндүк Кавказ республикалары (Чеченстан, Ингушетия, Дагестан, Түндүк Осетия — Алания, Кабардин-Балкария, Карачаев-Черкесия жана Адыгея), Краснодар крайы, Ростов облусунун бир бөлүгү, Поволжье, Чыгыш Сибирь жана Якутия кошулган.

Картада Борбор Азиядагы Тажикстандан башка өлкөлөрдөн тышкары Европадагы Балкандын, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунун аймактары да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

Азырынча бул карта боюнча эки саясатчы тең эч кандай комментарий бере элек.

Азербайжандын былтыркы Тоолуу Карабактагы аскердик жеңиши — Кремль өзүнүн таасир этүү аймагы катары эсептеп келген мурдагы советтик Закавказьедеги Түркиянын ролун күчөткөн. Жазында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейформал саммити Анкаранын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык, саясий жана маданий таасиринин күчөшү тууралуу талкууларды жараткан. Апрель айында түркиялык Anadolu агенттиги аналитикалык макала жарыялап, түрк өлкөлөрүн "Бир улут – алты мамлекет" деген ураан астында бириктирүү идеясын ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар жасалганын белгилеген. Айрым эксперттер Анкара Кавказдагы негизги оюнчуга айланып, Борбор Азияда "түрк биримдиги" идеясын жайылтып жатат деген божомолдорун билдиришкен.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG