Ссылки доступа

Өзбекстанда жеңил чопкутталган Qalqon автоунаалары өндүрүлө баштады


Өзбекстанда жеңил чопкутталган Qalqon (Калкан) автоунаалары өндүрүлө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик коргонуу өнөр-жай комитети билдирди.

Маалыматка караганда, автоунааны өзбек адистери иштеп чыгышкан.

"Автоунаа өлкөнүн укук коргоо органдары жана башка тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн бардык сыноолордон ийгиликтүү өттү", - деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Анда эксперттер жеңил брондолгон автоунаанын техникалык-тактикалык мүнөздөмөсү Куралдуу күчтөрдүн талабына жана эл аралык стандарттарга шайкеш келерин тастыктаганы айтылат.

20-майда Мамлекеттик коргонуу өнөн-жай комитети Өзбекстанда жеңил брондолгон Tarlon унаалары сыноодон өтүп жатканын кабарлаган.

2021-жылдын январь айынан тарта Qalqon менен Tarlon унаалары Ташкент облусунда жаңы салынган заводдо өндүрүлө баштай турганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG